Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Бүгүн, 8-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-128-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-246-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жаан-чачын жана тоолуу аймактарда кар жаап жаткандыктан, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Айдоочулардын эсине! Унаада күрөк, дөңгөлөк чынжырчасын, ысык суу, жол азыгы жана дары-дармек кутучасын алууну унутпаңыздар. Кырсык катталган учурда же жардамга муктаж болсоңуз «112» кызматына чалыңыз», — деп айтылат маалыматта.