Кыргызстанга келген жер кезер 100 сомго кара өрүк, өрүк, кулпунай жана гилас сатып алганына таң калды

Кыргызстанга келген австралиялык жер кезер 100 сомго кара өрүк, өрүк, кулпунай жана гилас сатып алганына таң калды. Ал бул тууралуу видео тартып, аны соцтармакка жарыялаган.

«Кыргызстанда 100 сомго эмне сатып алса болот? Мен базарга бардым. Анда баары бар экен! Акчанын жетишинче мөмө-жемиш алып көрөйүн дедим. Кара өрүк жана өрүк алгандан кийин дагы акча ашып калды. Ага кулпунай менен гилас алдым», — деген жер кезер видеодо.