Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы келди

Кыргызстанга Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын экинчи партиясы келди. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, өлкө 20 миң дозада Орусиянын вакцинасынын экинчи компонентин алган.  «Апрель айында биз биринчи компоненттин 20 миң дозасын алганбыз», — деп белгилешти министрликтен.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү 29-марттан башталган. Учурда Кыргызстанда Кытайдан алып келинген «Синофарм» жана Орусиядан апрель айында алып келинген «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Ошол эле учурда «AstraZeneca» вакцинасынын келиши да күтүлүп жатат.