Трансформаторлорго көп күч келсе электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ноябрь айы жылуу болуп, алдыдагы кышка даярдык көрүүгө шарт түздү. «Мезгил-мезгили менен трансформаторлорду кайра жүктөө керек, адатта бир саат, бир жарым саат талап кылынат. Эгерде трансформатордук көмөкчордон биздин объектке жакын болсо, анда биз аны жарым саатта башкара алабыз», — деп белгиледи министр.