Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин «Экспресс ден соолук – жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытай Эл Республикасынан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.
«Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 23.07.23-08.09.23 (дүйшөмбүдөн жумага чейин) 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. Бейтаптарга маалымат үчүн — жаныңарда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, маалымкаттарыңыз болушу керек»,— деп айтылат маалыматта.