Кытайдын элчиси: «Быйыл 5 миң айдоочулук виза берүүгө даярбыз. Элчиликтин тарыхында мындай болгон эмес»

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги соода-экономикалык кызматташуу боюнча иштерди активдүү калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу 23-мартта Кытайдын  Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди.

«Биз пандемияга чейинки мезгилдеги кабыл алуу режимин калыбына келтирдик: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү биз визага арыздарды кабыл алабыз. Бул жетишпей жатканын байкадык. Ошондон кийин толук бир жума иштей баштадык. Бүгүнкү күндө биз жумасына 5 күн кабыл алып жатабыз», — деди элчи.

Анын айтымында, биринчи кезекте, пандемиядан кийин Кытай көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жана аба кыймылын калыбына келтирүүгө аракет кылган. «Биздин элчиликтин тарыхында мындай нерсе болгон эмес. 3 күн же 2 күн болчу, бирок 5 күн тыныгуусуз кабыл алуу – бул биздин элчиликтин тарыхында биринчи жолу. Бул аракеттердин баары өз натыйжасын берди», — деп баса белгиледи элчиликтин башчысы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2019-жылы айдоочулар үчүн 2500дөй виза берилсе, 2023-жылы 3 айдын ичинде эле 1400 виза берилген. «Товар жүгүртүү көбөйдү, биз моралдык жана физикалык жактан быйыл 5 миң айдоочулук виза берүүгө даярбыз», — деп кошумчалады элчи.