«Кыздарды сөгүп, казино жарнамалап жатат». Кыргыз блогер казак блогерине чара көрүүнү суранды

Блогер Эртай Искаков милицияга кайрылып, казакстандык блогерлерге чара көрүүнү суранды. Анын айтымында, алар Бишкектин парктарында сөгүнүп, аны видеого тартып жарыялап жатышат. Ошондой эле казинону жарнамалоого тыюу салынган, ага карабастан жарыялап жатышат.

«Биздин карындаштарыбыздын намысына шек келтирүүчү сөздөр менен атап, Кыргызстанда ушундай кылса боло берет деп көрсөтүп жатат. Бул кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик бар, видеосунун негизинде кайрылуу келтирем. Бишкек ШИИБ чара көрүп бериңиздер», — деп жазды ал.

Блогер айтып жаткан казак блогеринин Инстаграм баракчасында 1 миллион катталуучу бар.