«Кыздарым «коңшу балдар жеп жүргөндөй нерселерди алып берчи» деп суранат. Ага менин акчам жок» дейт 4 майыпты баккан ата

“Апам жана кызым ракка кабылган, жубайым жана дагы бир кызым башынан жабыркайт. Аларга тамак таап келип, кезек менен жуунтуп, карайм” дейт биздин бул жолку каарманыбыз Бакыт Жуманалиев. Ал 31 жашта. Мүмкүнчүлүгү чектелген 4 үй-бүлө мүчөсүн вагондо багып жаткан ал тагдырын айтып берди.

«Апам ооруган соң, дайыма памперс кийип жүрөт. Анын бирөөсү эле 60 сом. 1 баштыгы 1 жумага эле жетет. Апамдын пенсиясы өзүнөн ашпай калат. Мен иштебейм, 24 саат апамды, келинчегимди, 2 кызымды карап турушум керек. Кыздарыма кытырак картошка, кириешки, пицца да алып бере албайм. Акчам тартыш. Кыздарым «коңшу балдар жеп жүргөндөй нерселерди алып берчи» деп суранат. Үйгө кирип алып айла жок ыйлайм. Кийим-кече да алып бере албайм», — дейт ата.