«Кызга сөйкө салууну сунуштап жатышат». Укук коргоочулар Кара-Көлдө 26 жаштагы жаран 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барып жүргөнүн айтышты

Кара-Көл шаарында 26 жаштагы жаран 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барып жүргөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Сезим» борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, борборго кыздын чоң энеси кайрылган. Анын айтымында, окуя май айынан бери кайталанып келген. Кыз тарап милицияга 20-июлда кайрылган. Жазык кодексинин 157-беренеси (он алты жашка толо элек менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Бирок шектүү эч жакка кетпөө боюнча тил кат менен бошотулган. 

«Жаран эркиндикте ал жана анын туугандары кыздын жүрүм-турумун жана көрсөтмөлөрүн манипуляциялоого мүмкүнчүлүк алышат. Ал кишинин жакындары акча берип, кыздын ата-энеси, туугандары менен сүйлөшүп, 13 жаштагы кызга сөйкө салууну сунуштап жатышат. Кыздын укугун Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму коргойт. Ал эми «Сезим» борбору соттук ишке көз салып, кызга жана анын үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтөт»,- деп айтылат маалыматта.