Кызсайкал Кабылова: «Бекжан Темирханга сен чалбасаң, кырсык болмок эмес дешти»

10-ноябрь күнү «Ай, ай, эзилип бүттүм» деген ыр менен калың журтка таанылган ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун жакындары окуя кандай болгонун эскеришти.

«Ар ким ар кандай сөз айтты. Сен чалбасаң, мындай болмок эмес дешти. Менин телефонум менен сүйлөшкөн эмесмин. Менин жанымда актер Болсун жана жардамчым бар болчу. Мен жар-жар менен киргизмекмин. Мен киргиздим. Калыс Жакыпов ырдап бүттү. Анан Бекжан Темирхан ырдамак. Ал жолдо келе жаткан. Баарынын гонарары Болсунда болчу, анткени тойду ал сүйлөшкөн. Ошол жерден экөөбүзгө бөлүп берди. Бекжанга «азыр аласыңбы же шаарданбы?» десе, «азыр май куюп алайын» деди. Жолугабыз дегенден 10 мүнөттөн кийин Талгар (ред. Бекжан Темирхандын досу, айдоочу) чалып, кырсык болгонун айтты. Биз тамаша деп ишенген эмесмин. 

Анын айтымында, каршы тилкеге бир унаа чыгыптыр, анан кирип кеткен экен. Барганда Бекжан табылыптыр. Тик жер экен. Акыркыга чейин «мен жакшымын деп айтат» деп күттүм. Дарыгерлер «кайрат кылгыла» дешти. Ошол мага аябай оор тийди. Адамдын өмүрүн 5 мүнөт эле чечип коет экен», — деди Кызсайкал Кабылова.