«Кызым чоңоюп «апамды эмнеге сактай албай калдың» десе эмне деп жооп берем» дейт төрөттөн каза болгон келиндин жолдошу

Бул жолу биздин телеканалга Кант шаарынын тургуну Бексултан Төрөгелди уулу кайрылды. Ал “19 жаштагы жубайым төрөттөн кийин каза болду. Ал дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлдү” дейт.

Бексултан Төрөгелди уулу 10 күндүк наристеси менен калды. Анын айтымында, төрөт үйүнөн чыккандын эртеси эле келиндин дене табы көтөрүлүп, кусуп баштаган. «Ошентип шаарга жеткирдик. Ошондо келинчегимдин кыйналып, өпкөсү кагып жаткан дейт. 5-10 мүнөттүн ичинде эле каза болду дешти. Мен сөөктү көргөндөн кийин каза болгонуна ишендим. 1 айдан кийин 20 жашка чыкмак. Улам-улам сүрөтүн карайм, бактылуу боло албай калдык. Кызын эмизип, кучактап жатса гана? Мен кадимкидей сынып калдым. Эмне кыларымды билбейм. Бул дарыгерлердин шалаакылыгы болуп калды. Жубайымды сойдурганда жатынынан 2 литр ириң чыкты. Ошол ириң менен чыдап жүрүптүр да. Кызымдын атын өзү койгон. Жакшы адам болчу. Кызым чоңоюп «апамды неге сактай албай калдың» десе эмне деп жооп берем», — дейт ал.