«Кызымдын сөөгү жээкке чыгып калса, чөөлөр жеп кетет деп корком». Июлда көлгө чөгүп кеткен Аишаны ата-энеси издөөнү улантууда

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны апасы менен атасы издөөнү улантууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинен апасы билдирди.

«Экөөбүз издеп жатабыз. Көл абдан эле тартылыптыр. Кечинде көл жээкке келсек, чөөлөр абдан көп болот экен. Кызымдын сөөгү жээкке чыгып калса, чөөлөр жеп кетет деп корком. Кызым сууга чөккөндөн бери эч нерсеге көңүлүм жок. Жашагым деле келбей калды. Биз бир жээктен экинчи жээкке баргыча күн кирип кетип жатат. Дронго деп акча чогултуп жаткан элек. Ал жерге 11 миң сом чогулуптур. Өзүнүн дрону бар жакшы адамдар болсо, аябай жакшы болмок. Азыр өзүнүн кызы сууга чөккөн жаран көл жээгиндеги үйүн издеп, жашай бергиле деп бошотуп берген. Ошол жерде жашап, издөөнү улантып жатабыз. Эне жүрөгү кызымды табарын сезип жатат. Менин ден соолугум жакшы, бутум басат канча болсо издей берем. Мен кызымды таап жерге берип алсам, болду эле. Мага башка эч нерсенин кереги жок»,- дейт ыйлаган эне.

Алар ошондой эле дронго акча чогултуу үчүн номур калтырышты: 0705603704 (Элсом О Деньги)

Ушул жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан.