Лейлектен 10 адам атайын учак менен Бишкекке алып келинди. Жабырлануучулардын саны 134кө жетти

18-сентябрь саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жаракат алгандардын саны 134 кишини түзүп, 36 адам каза болду.

«Жабыркагандарга жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунан борбор калаанын ооруканасына 98 адам жеткирилген. Зарыл болгон дарылоо жана операциялар оперативдүү түрдө жүргүзүлүп жатат», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башчысы Кубанычбек Кулмаматов.

Министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова белгилегендей, дарыгерлерге жана жарандарыбызга жардам көрсөтүү үчүн Баткенге Бишкектен 87 дарыгер жана медицина кызматкерлери жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө дары-дармектер жана кандын компоненттери жетиштүү, бул маселе министрдин орун басары Улан Садыковдун көзөмөлүндө.

«Ушул күндөрү активдүү кан тапшырган кайрымдуу жарандарга ыраазычылык билдиребиз, Бишкек шаарында эле 500дөн ашык адам донор болуп, чогултулган материалдын баары атайын рейс менен Баткен облусуна жөнөтүлдү», — дейт Жылдыз Айгерчинова.

Гемодиализге муктаж жарандарга да керектүү көмөк көрсөтүлүп, Лейлек районунан 10 адам атайын учак менен Бишкекке жеткирилди.