16-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрга белгиленген Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 22 адамды талапкерликке каттады.
Аталган округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 киши арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.
Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү талапкерлер катталды:
1. Алмаз уулу Аскар;
2. Токтогул Какчекеев;
3. Эртай Искаков;
4. Бакир уулу Турсунбай;
5. Сулайман Мамаев;
6. Жамалбек Ырсалиев;
7. Ыргал Кадыралиева;
8. Нургүл Сооронбаева;
9. Русланбек Тагаев;
10. Бакыт Шаршембиев;
11. Мурат Эсенаманов;
12. Аттокур уулу Илимбек;
13. Таалайбек Кермалиев;
14. Карачач Исмаилова;
15. Токтокүчүк Мамытов;
16. Руслан Ажыбеков;
17. Жеенбек Искендеров;
18. Абдивали Балтабаев;
19. Айбек Субанов;
20. Бактыбек Рысалиев;
21. Лейла Саралаева;
22. Эркин Булекбаев.