Маданият жана искусство университетинин ректору, Айпери Чотонованын атасы акыркы сапарга узатылды

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов акыркы сапарга узатылды.

Маркум менен коштошуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз эл артисттери Муратбек Бегалиев, Исрадин Аманбаев баштаган бир катар маданият ишмерлери катышты.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жамааты, шакирттери жана окуучулары катышты. Коштошуу зыйнатына сүйлөгөндөр маркум Мамашарип Чотонов мыкты инсан, татыктуу жетекчи, адамкерчиликтүү, иштин майын чыгарган иш билги адам болгондугун оор үшкүрүү менен эскерип, маркумдун үй -бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.

Эске салсак, Мамашарип Чотонов 8-декабрда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Ал 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. Маркум Чотонов Мамашарип блогер, актриса Айпери Чотонованын атасы.