Маданият министринин орун басары: «Айрым телеканалдардын чагылдыруусу 20-мартка дейре токтотулган»

«Айрым телеканалдардын чагылдыруусу 20-мартка дейре токтотулган». Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

«Телеканалдардын эфирлерин текшерүү иштерининин жыйынтыгында, мыйзам бузуулар аныкталган жана телеберүүлөрдүн чагылдыруу боюнча уруксаты 2022-жылдын 20-мартына чейин токтотулган. Документ сот чечиминин же арыздын негизинде гана жокко чыгарылат. Мындан улам, Маданият министрлиги телеканалдарды өчүрүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Биз болгону телеканалдардын уруксаттарын убактылуу токтоттук. Мыйзам бузуулар жоюлса, аларга кайрадан эфирге чыгууга уруксат берилет. Биз укуктук мамлекетпиз. Ар бир жаран мыйзамдарды, анын ичинде “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамды сакташы керек. Учурдан пайдаланып, мыйзамды толук аткарууга чакырып кетебиз», — деп жазылат түшүндүрмөдө.

Буга чейин Маданият министрлиги маалымат таратып, «8 канал», «РТВ Медиа», «НТВ КейДжи» жана «Домашний» телеканалдарынын аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде жайгаштыруу уруксаты токтотулганын, ал эми «РЕН ТВ» телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чугууну токтоторун билдирген. Өз учурунда «РЕН ТВ» телеканалы министрликтен эч кандай маалымат албаганын жарыялаган болчу.