“Азаттык” радиосуна катуу эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов жазды.
«Өз кезегинде дүйнөлүк аудиториясы бар “Азаттык” радиосунун ушак, айың кеп деңгээлиндеги маалыматтарды жайылтуусун терең өкүнүү менен белгилеп, бул ал жакта эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептейм. Эгерде бул материал «Азаттыктын» Кыргызстандын жогорку жетекчилигин атайылап каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа бизге керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.