«Мадина» базарындагы тамактануучу жайлардын бузулушу. Жол реконструкцияланат

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Мэр муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.

2-майга 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бузуу иштери ушул күнгө чейин уланууда. Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт. Свердлов районунун акимине курчап турган аймакты көрктөндүрүү милдети коюлган. «Бишкек жарык» ишканасына тез арада электр чубалгылары боюнча анализ жүргүзүп, талапка ылайык келтирүү тапшырылды.