2025-жылдын май айынын соңунда Кыргыз Республикасынын бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарынын 5 – 6-класстарынын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки түрдө класстан класска көчүрүү экзамендери өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Экзамендердин мөөнөтү төмөнкүдөй:
- 5-класстын окуучулары үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде) – 27 – 28-майда;
- 6-класстын окуучулары үчүн – 29 – 30-майда өткөрүлөт.











