Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окууга өттү

Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Онлайн окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланат.

12-январда катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу суу каналынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.