Майлуу-Суунун тургундарынын 89 пайызына жылуулук берилди

Майлуу-Суунун тургундарынын 89 пайызына жылуулук берилди. Шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп, жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн ичүүчү таза суу берилген түтүктүн негизги бөлүгүнүн 15 чакырымында эритүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктын 30 пайызы таза суу менен камсыздалды. 26-январдан тарта ичүүчү таза суунун калган абоненттерге бере турчу тоңуп калган түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 10го жакын жумушчу топ иш алып барат.