Мамлекеттик гербге 29 жыл. «Ар бир Кыргыз жаранынын бой тумары болсун» дейт Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарды Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады.

“Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгына 29 жылдын жүзү болуп олтурат. Мамлекеттин символдорунун бири болгон гербибиздин кабыл алынган күнү менен жалпы мекендештеримди чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өз атрибуттарын – желегин, гимнин жаңылап, ал эми мамлекеттик гербин эки жылдан кийин кабыл алган. Ал Кыргыз мамлекетинин эн тамгасы болгон гербден мамлекетибиз даана таанылгандай кылып иштеп чыгуу зарылдыгынан улам созулган.

Чындыгында эле, ак түс менен кырбууланган көк алкактын ортосунда Ысык-Көлүбүз чалкып турса, ак калпагыбыздын түспөлүн берген ак чокулуу Ала-Тоодон күн нурлары чачырап тийип турат. Алдында Манас атабыздын Ак шумкары канатын жайып, эл-жерибизди коргоп тургандай элес калтырат. Бул белгилерди тегеректей, бир чети өлкөбүздүн булуң-бурчундагы молчулуктун символу катары пахта менен буудайдын сабы тартылганы өзүнчө бир керемет. Кыргызстандын негизги өзгөчөлүктөрү ыгы менен камтылган бул композицияны «Кыргыз Республикасы» деген жазуунун курчап турушу дагы ынтымакты, биримдикти чагылдырып турат.

Кызыл желегибиз алга сүрөгөн намысыбыз болуп, гимнибизде айкөл Манастын духу жаңырып турса, аскарлуу Ала-Тообузду, көк ирим көлүбүздү калкалап турган ак шумкарлуу гербибиз «кыргыз» деген мамлекетти дүйнөгө таанытып турган эн тамгабыз экенине ар убак сыймыктанышыбыз кажет. Арийне, сыймык менен кошо мамлекеттик белгилерибизди ар-намыс, ариетибиз менен катар коюп, бийик тута билели!

Мамлекеттик гербибиз алыс-жакында жүргөн ар бир кыргызстандык атуулдун бой тумары болсун!” — деп жазылат куттуктоодо.