Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, желек илинген болчу.
Мамлекеттик катчынын айтымында, 1-январда туура эмес желек көтөрүлгөн, анткени жаңы жылды жаңы желек менен тосуу каалоосунан улам башаламандык пайда болгон.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн жаңыланган туусун көтөрүү аземине эмне үчүн президент Садыр Жапаровдун катышпаган себебин түшүндүрдү. «Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды», — деди ал.