Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматынан кетерин билдирди. Бул тууралуу ал пост жазды.
«Мен 8-апрелде 65 жашка чыктым. 43 жыл мамилекеттик кызматта болдум. Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп, орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин! Президент менен эриш-аркак, сый-урмат менен иштешкениме миң мертебе ыраазымын»,- деп жазды ал.