Басма сөз катчыларга журналисттердин маалыматына ыкчам чара көрүү тапшырмасы берилди

Президентинин администрациясында министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз катчыларынын катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган актуалдуу маселелерге ыкчам жооп кайтаруусу зарылдыгын белгиледи.

«Бул багыттагы ишти күчтөндүрүү зарыл. Өзгөчө көңүлдү мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын жана социалдык баракчаларынын абалына буруу керек. Учурда жарандардын басымдуу бөлүгү маалыматты дал ушул социалдык тармактардан алат, демек, анын контенти заманбап талаптарга дал келиши абзел. Биздин биргелешкен ишибизден коомдун такталган анык маалыматарды алуу деңгээли көз каранды», — деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда бирдиктүү маалыматтык саясатты калыптандырууга жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын материалдык-техникалык базасынын абалына өзгөчө көңүл бурулду.

«Күнүмдүк иште жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлер менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын активдүү ишке киргизүү жана колдонуу зарыл. Мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында көлөмдүү иштер аткарылууда, айрым учурда бул маалыматтар коомчулукка тийиштүү деңгээлде жеткирилбей калууда. Өз ишиңер тууралуу маалымат берүүдө жаңы ыкмаларга таянып, «расмий» чектөөлөрдөн чыгып, креативдүү болуңуздар. Биз жаңы демилгелерди колдоого даярбыз», — деди Дайырбек Орунбеков.