«Манас» аэропорту штабдын маалыматын четке кагып, Орусия ПЦР-тестти алып сала электигин билдирди

Бүгүн, 21-июнь күнү Республикалык штаб Кыргызстандан ПЦР-тести жок чыгууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Ага карабай Москва шаарына учуу үчүн Тамчы эл аралык аэропортунан ПЦР-тестти сурашканын, аргасыз сатып алышканы тууралуу окурман «Элдик кабарчы« рубрикасын айтып кайрылган. Окуя боюнча «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй түшүндүрмө беришти.

«Негизи республикалык штаб Кыргызстанга кабыл алууда ПЦР-тестти жокко чыгаруу боюнча маалымат тараткан болушу мүмкүн. Анткени башка мамлекетке чыгуу үчүн ар бир өлкөнүн талабы болот. Кошуна болгон Казакстан менен Өзбекстан июндун башында гана ПЦР-тестти алып салды. Ал эми Орусия бул маселени чече элек. Орусияга барыш үчүн атайын «Путешествие без ковид» деген уюлдук тиркеме бар. Алардын сайтында деле ПЦР-тест талап кылынат деп жазылып турат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айрым чет өлкөлөргө чыгууга ПЦР-тесттин талап кылынбай тургандыгы жөнүндө маалыматты тараткан республикалык штаб менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Штабдын социалдык тармактагы баракчасына да окурмандар Кыргызстандагы аэропорттон тестти сурап жатышканын айтып арызданышууда.