«Манас» аэропортунда туман тарап, учактар учуп жана коно баштады

«Манас» эл аралык аэропортунда туман тарап, учактар учуп жана коно баштады. Аэропорт учурда кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Соңку күндөрү аталган аэропорттун аймагын коюу туман каптап, каттамдар кечиктирилип жаткан эле.