«Манас», «Учкун», «Госзнак»… Дагы кайсы объекттер стратегиялык макамга ээ болушту?

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Министрлер кабинетине төмөнкү объекттерди Стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү сунушталарын айтты.

– “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Баткен облусунун Раззаков шаарындагы филиалы;

– “Учкун” ачык акционердик коому;

– “Госзнак” жоопкерчилиги чектелген коому;

– Башкы прокуратуранын эң маанилүү автоматташтырылган маалыматтык тутумдары (дата-центр) жайгашкан айрым имараттары.

«Учкун» басмаканасына жаңы, заманбап жабдуулар алып келинди. Бул биздин жарандарга Кыргызстандын паспортун жана айдоочулук күбөлүктөрүн жеке компанияларга, чет өлкөлөргө кайрылбай, аларга көз каранды болбой, басып чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде улуттук коопсуздукка оң таасирин тийгизет. Ошондой эле бюджеттик каражаттарды кыйла үнөмдөйбүз.

Экинчи маанилүү объект – бул Раззаков шаарындагы аэропорт. Баткен облусунун борбордук бийлик органдарынан кыйла алыстыгын эске алсак, Раззаков атындагы аэропорт улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле Лейлек районунун гана эмес, бүтүндөй Баткен облусунун тургундарынын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген бүткүл район үчүн маанилүү тиричилик объектиси болуп саналат. Раззаков атындагы аэропортко маанилүү стратегиялык объект макамын берүү анын коопсуздугун камсыздоо жана республиканын эң алыскы регионунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча тийиштүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге, “Кылмыштардын бирдиктүү реестри”, “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” жана алар менен байланышкан башка автоматташтырылган маалыматтык базалардын борбордук серверлери абдан маанилүү маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке маалыматтарын камтыйт. Албетте, биз алардын талаптагыдай сакталышы жана ачык булактарга чыгып кетишине жол бербөө үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан, жогоруда аталган объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлдеги шарттар түзүлүшү керек», — деди өлкө башчысы.