Манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматын тапшырып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу манасчы өзү «Азаттыкка» ырастаган.

Ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Ошондой эле «кысым болду» деген маалыматтарды да ырастаган. Бирок тактаган эмес.