Манасчы Рысбай Исаков: «Дөөлөт Сыдыков эмне себептен сыртта жүрөт, качан келет ал өзүнүн жеке маселеси»

Дөөлөт Сыдыков мыкты манасчы. А саясий кадамына келгенде мен баа бере албайм. Бул тууралуу манасчы Рысбай Исаков билдирди.

«Биз көргөн билген нерсени айттык. Президент чакырды. Дөөлөт келген жок деп. Бул сөздөн эл «манасчы манасчыны жамандап жатат» деп боёк таап жатат. Акыйкатты айтыш керек. Эмне себептен сыртта жүрөт, качан келет, эмне кылат — ал Дөөлөттүн жеке маселеси. Саясий куугунтукталганына да өзү баа берет. Мен жакшы манасчы деп баа берем», — деди ал.