Кечээ, 29-августта буга чейин мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров Ош ОИИБге суракка чакыртылганын журналисттерге өзү билдирген. ”Азыр ошол жакка бара жатам. Эмне үчүн билбейм”, — деген ал.
Ал журналисттерге 4 саатка жакын шектүү катары сурак бергенин айтты. «Сурак төрт саатка созулду. Мен эч кимге айтпоо боюнча кагазга кол койдум, бирок бул жерде эч кандай сыр жок. Мага добуштарды сатып алуу боюнча айып тагылууда. Мени айыпталуучу катары суракка алышты», — деди ал.
Ош облустук милициясы бул боюнча маалымат бере элек.