Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү. Жумушчу комиссияны Эдил Байсалов жетектейт

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү жана «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин асынган абалда табылган фактыларын изилдөө боюнча жумушчу комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчу комиссиянын курамына алардын жакын туугандары, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.