Маркум чек арачынын кош бойлуу жубайы, эки баласынын аскердик бөлүктө күн кечириши. Үйдү алган апасы эмне дейт?

Буга чейин Тажикстандын кол салуусунан каза болгон чек арачынын кош бойлуу жубайы жана эки баласы аскер бөлүктө күн кечирип жатканы маалымдалган болчу. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чек ара кызматына жогорудагы окуя боюнча кайрылганда маркум чек арачыга үй берилгенин жана аталган мекеме маркумдун үй-бүлөлүк маселелерине кийлигише албай тургандыгын билдиришкен.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтымында, үй маркумдун апасына берилген жана жакын арада алар менен сүйлөшүү жүргүзүлөт.

Маркумдун жубайы кош бойлуу Сатина Лайлиева эки баласы менен аскердик бөлүктө жашоону улантып келет жана анын башка барарга жайы жок. Маркумдун апасынын «Турмуш» басылмасына берген комментарийинде Сатина Лайлиева уулунун экинчи никесиндеги жубайы экенин айтып берген. Ал уулун жалгыз чоңойтконун жана уулунун биринчи жубайы менен болгон никеден баласын да карай турганын билдирген. Небереси 8-класста окуй тургандыгын, Ош шаарынан берилген 2 бөлмөлүү үйдү келечекте ага өткөрүп берерин, үйдүн ага берилишин мыйзамдуу деп эсептей тургандыгын кошумчалаган.