Маркум кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү акыйкат иликтенишин кесиптештери суранууда. Мындай кайрылуу Баткен медиа борборунун соцтармактагы баракчасында жарыяланды.
«Кесиптешибиз Арзыгүл Галымбетова кечээ, 26-мартка караган түнү мезгилсиз дүйнө салды. Ал чыныгы профессионал, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган жан эле. Кечээ эле жадырап-жайнап жүргөн кесиптешибизди бүгүн арабыздан жоготуу биз үчүн оор болуп, кабыргабыз кайышып турат. Бул жөн жерден болбошу мүмкүн. Акыркы убакта ал өзүнүн соцтармактагы баракчалары аркылуу ар кандай адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатканын ачык-айкын жарыялап келген. Ошондуктан Баткен телеканалынын жалпы жамааты сырдуу өлүм боюнча иликтеп берүүнү укук коргоо органдарынан талап кылат», — деп жазылат билдирүүдө.