Маркумдар Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин жанаша жайгашкан мүрзөлөрү (сүрөт)

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек соцтармактагы баракчасында сүрөт менен бөлүшүп, эсине келбей көз жумган саясат таануучу Марат Казакпаев менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайында асынган абалда табылган «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаевдин мүрзөлөрү жанаша жайгашканын жазып чыкты.

«Кошуна жаткан жарандар… Удаа о дүйнө салышкан бир саясат изилдөөчү менен саясаттан алыс эле банкирдин күмөндүү өлүмү калың элдин катмарын кейитпей койгон жок. Карасаңыздар, алар көрүстөндө да кошуна болушту», — деп жазды ал.