Марлен Маматалиев: «Май майрамдарында шайлоочуларым менен жолугам»

Кыргызстанда 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. Буга байланыштуу депутаттарга «Май майрамдарында эмне менен алек болосуз? Чет тилде кандай оригиналдуу куттуктоо айта аласыз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, ал шайлоочулар менен да жолугат. «Убактымды үй-бүлөмө, ата-энеме бөлөм. Анан сөзсүз шайлоочуларым менен жолугам»,- деди ал.