Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын март айында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
- Орусиянын Москва облусунун Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка байланыштуу, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүү максатында каза болгон жана жабыркаган Кыргыз жарандарын издөө боюнча бардык чаралар көрүлдү;
- чет өлкөдө каза болгон 17 Кыргыз жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө көмөк көрсөтүлдү;
- Австрияда, Венгрияда, Казакстанда, Кытайда, Өзбекстанда, Орусияда, Сауд Аравиясында, Украинада, Улуу Британияда жана Түркияда оор турмуштук кырдаалга туш болгон 31 Кыргыз жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;