Мас абалында унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат

Мас абалында унаасын башкарган айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, мындан ары мас абалында унаа айдагандарга айып пул салынбайт.

«Айдоочулук күбөлүгүн алып салабыз. Биринчи жолу — бир жылга, кайра — үч жылга. Кошумчалай кетсек, ылдамдыкты саатына 40-60 чакырымдан ашкандарга 7,5 миң сом, 60 чакырымдан ашкандарга 15 миң сом айып салынат. Каршы тилкеге ​​чыгуу – 15 миң, автобейбаштык – 15 миң», — деди Азамат Исраилов.