«Маселе чечилди». Министрлик өлкөдө кумшекер жетиштүү экенин айтат

Өлкөдө кант жетиштүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

— Кечээ, 27-май күнү «Фрунзе» жана «Глобус» гипермаркеттери чекене сатуу үчүн 50 тонна шекер алышты. Шекер ошондой эле кичинекей сатуу пункттарына жеткирилген. Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө кумшекер менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат. Кайыңды-Кант заводу чийки заттын жоктугунан кант өндүрүү боюнча иштерди бир нече күн аткара албагандыгын маалымдайбыз. Бул Орусиянын деңиз портундагы чек аранын жабылышына байланыштуу болгон. Бирок маселе чечилип, чийки заттын керектүү көлөмү завод кабыл алынып, кечээтен баштап кант өндүрүлө баштады.

Бүгүн жана эртең бардык дүкөндөр кумшекер менен камсыз болушат. Канттын килограмм үчүн 79 сом өлчөмүндөгү социалдык баасы белгиленген. Эгер сиз 1 килограммдан ашык сатып алсаңыз, анда 1 килограммы 85 сомду түзөт. Азыркы учурда кантты Кыргызстандан сырткары экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору демилгеленүүдө. Кантты ЕАЭБдин чегинен тышкары чыгарууга болбойт.

Буга чейин Бишкектин базарларында 1 килограмм кумшекердин баасы 100 сомго кымбаттаганы маалымдалган.