Массалык уулануу. «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат

23-октябрда жана кечээ, 24-октябрда 12 адам, алардын ичинен 3 бала тамактан ууланып, Темир жол ооруканасына кайрылышканы, алар Бишкектеги «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкени маалым болгон. Ал эми бүгүн меджардам алуу үчүн ооруканага кайрылгандардын саны 85 адамга жетти.

Бул тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды. «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат. Алар соцтармактагы баракчасына экспертизанын жыйынтыгы чыкканда гана комментарий беришерин жазышты.