Массалык уулануу. Ооруканага кайрылгандардын саны — 179

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында «Империя пиццы» тамактануучу жайынын тамагына ууланып, медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылгандардын саны 179 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жабыркагандардын 18и бала. «50 жабырлануучуга стационардык жардам көрсөтүлүүдө. Темир жол ооруканасында 13 адам, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында 12 адам, Улуттук госпиталда 24 адам, Ысык-Ата ооруканасында 1 адам жатат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Абалдары дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, кечээ, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.