Массалык уулануу. Ооруканага кайрылгандардын саны 318 адамга жетти

«Империя пиццы» тармагынын тамагына ууланып, Бишкек жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жардам сурап кайрылгандардын саны 318 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, уулангандардын 40ы балдар. «43 адам стационардык жардам алууда: Темир жол ооруканасында — 17, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында — 9, Улуттук госпиталда — 17 адам бар», — деп белгилешти министрликтен. 

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жеткен. Ал эми кечээ, 27-октябрда ооруканага кайрылгандар 253 адамды түздү. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.