Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Бишкекте Франциянын падышасындай хан сарай үйү бар. Бул тууралуу «Factcheck» басылмасы “Райымбек Матраимов кандай жашайт?” деген иликтөөсүндө айтып чыкты.
Андагы маалыматтарга ылайык, Матраимовдун Бишкектеги Ала-Арча резиденциясынын районунда бир гектар жерди ээлеген чоң хан сарайы жайгашкан. Ал хан сарай Франциядагы белгилүү Лувр аттуу тарыхый падышачылыктын хан сарайынын көчүрмөсү. Иликтөөдө «Ала-Арча районунда 8 сотых жер тилке эле бир миллион доллар турса, бир гектар жердеги Франциядагыдай хан сарай канча тураарын элестетүү өтө кыйын», — деп айтылат.
Ошондой эле анда Матраимовдун мындай хан сарайды салышы ал өзүн падыша, хан элестетеринен кабар берет деп айтылат. Себеби аталган хан сарайдын ичи падышалардын таажы, тактылары менен жасалгаланган.
18-февралда Райымбек Матраимовду УКМК кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, 20-январда Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алган. Ошондой эле ал өткөн жылдын 20-октябрында да кармалып, бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып бюджетке 2 миллиард сом төккөн. Ошондой эле анын ишин Биринчи Май райондук соту 11-февралда карап, 260 миң сом гана айып пул чегерген.












