Медициналык студенттердин 77 пайызын чет өлкөлүктөр түзөт. Анын тең жарымы индиялыктар

Медициналык студенттердин 77 пайызын чет өлкөлүктөр түзөт. Анын тең жарымы индиялыктар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Ушул тапта Кыргыз Республикасында 23 жогорку окуу жай медициналык багыттарда адистерди даярдайт. Анын ичинен алтоосу мамлекеттик, он жетиси мамлекеттик эмес окуу жайлар болуп саналат. Мамлекеттик эмес ЖОЖдун үчөөсүнүн лицензиясы бар, бирок студенттери жок. Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 23 миң 12, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордун студенттеринин саны – 16 миң 839.

Медициналык студенттердин жалпы санынын 77 пайызы (же 31786 студент) – чет элдиктер, анын ичинен:

— Индиянын жарандары – 14456;
— Казакстандын жарандары – 571;
— Пакистандын жарандары – 9725;
— Орусиянын жарандары – 668;
— Тажикстандын жарандары – 357;
— Өзбекстандын жарандары – 5174;
— башка жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары – 363;
— башка алыскы чет өлкөлөрдүн жарандары – 472.

Мамлекеттик медициналык ЖОЖдордо 15 миң 308 чет өлкөлүк студент, мамлекеттик эмес медициналык ЖОЖдордо 16 миң 478 чет өлкөлүк студент билим алып жатат. 2021-2022-окуу жылында медициналык адистиктер боюнча жалпысынан 39 миң 851 студент билим алса, анын ичинен 2708 гранттык негизде, 37 миң 143 контракттык негизде окуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4386 адис бүтүрөт, анын ичинен 351 – бюджеттик негизде окугандар, 4035 – контракттык негизде окугандар.