«Мейманканада иштөө үчүн барган». Индияда документтерин алдырып, камакка алынган 21 жаштагы кыз Кыргызстанга кайтарылды

2021-жылдын декабрь айынын аягында Тышкы иштер министрлигинин ишеним телефонуна 2000-жылы туулган Кыргыз жараны кайрылып, Индиянын Удайпур шаарында белгисиз адамдар тарабынан күчтөп кармалгандыгы тууралуу билдирген. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Буга байланыштуу Индиядагы элчиликке ыкчам тартипте чара көрүү жана консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз жараны тууралуу тийиштүү маалымат жөнөтүлгөн. «Элчиликтин өз убагында көрсөткөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында Удайпур шаарынын полициясы Кыргыз жаранын издөөгө алган. Полиция анын жүргөн жерин аныктап, аны бошотуу операциясын жүргүзгөн. Аталган жаран элчиликке келгенден кийин Индияга Жаңы жылдын алдында таанышынын чакыруусу менен жергиликтүү мейманканага техникалык кызматкер болуп иштөө үчүн келгенин айткан. Алгач жаран таанышы менен жашап, андан кийин Делиден 657 чакырым алыстыктагы Удайпурга жөнөтүлгөн. Ал ошол учурдан тартып эч кандай түшүндүрмөсүз мажбурлап камакка алынган, ошондой эле документтери алынган», — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы жаран 30-декабрдан тартып 9-январга чейин элчиликтин көзөмөлүндө болуп, андан соң  Дели-Бишкек рейси менен мекенине кайтарылды.