Бишкекте мектепке барбаган 9 жаштагы бала жеке менчик мектепте окумай болду

Мектепке эч качан барбаган 9 жаштагы бала жеке менчик окуу жайга киргизилет. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова өз баракчасына жазды.

«Жеке мектеп баланы бекер окууга чакырды. Ал окуй турган мектебин кыдырып, аябай сүйүндү. Бала абдан акылдуу. Ушундай мыкты чөйрөдө бала сөзсүз түрдө шаардын эң мыкты окуучусу болот деп ишенем. Анын жетишкендиктери тууралуу жазам деп сөз берем», — деп белгилеген укук коргоочу мекеменин директоруна ыраазычылык билдирди.

Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубаева Бишкекте мектепке такыр барбаган 9 жаштагы бала бар экенин, анын документтери жок экенин айтып, мэрия аны мектепке киргизүүгө жардам бериши керектигин билдирген.