Министрлик: Мектепке күчүк алып барган окуучуну урушкан мугалимге катуу эскертүү берилет

Кечээ, 15-февралда социалдык тармактын колдонуучулары мектепке баштыкка күчүк салып барган окуучунун видеосу менен бөлүшүшкөн. Кийинчерээк видеонун 2-бөлүгү тараган. Анда мугалимдин окуучуну күчүк үчүн урушуп жатканын угууга болот.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен маалымат беришти.

«Аталган окуя 13-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы №5 гимназия-мектебинде II сменанын биринчи сабагында болгон. 4-класстын окуучусу күчүк алып келгендиктен класс жетекчиси бир аз урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окуучуга мындай нерсени башка кайталабоону эскертип, директорго алып кирген. Андан кийин окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген.

Видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана соцпедагогуна эскертүү, ал эми видеону тарткан мугалимге жана окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Видеодогу куралчан кызматкер коопсуздук кызматкери эмес, Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими сабактан чыгып бара жаткан учурда видеого түшүп калган», — дешти.