Мектепте акча чогултуу болсо, күнөөлүү кызматтан кетет. Бишкекте акимдин орун басары жыйын өткөрдү

№7 орто мектептин залында Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусованын катышуусунда мектеп жана бала бакчалардын директорлорунун жыйыны өттү.

Жолугушууда директорлор президенттин 26-майдагы №136 «Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы менен таанышты. Ошондой эле, орто мектептин директорлоруна мыйзамсыз акча чогултуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүүлөргө кызматтан бошотууга чейинки тартиптик жаза чараларын колдонуу эскертилди.