«Мен жолдошумду жоготуп алуудан корком». Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы президентке ачык кат менен кайрылды

«Мен жолдошумду жоготуп алуудан корком». Кумтөрдүн мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылды.

«Жолдошум жана бойго жете элек балдарымдын атасы Теңгиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайымдык кылышыңызды чөгөлөп сурайм. Аны үй камагына чыгарууга өтүнөм. Анын ден соолугунун абалы өтө оор. Ал мындай абалында камакта кала албайт. Мен аны жоготуп алуудан корком. Жолдошум тергөө менен кызматташууга даяр, анын качып кетейин деген деле ою болгон эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров соңку берген маегинде «Теңгиз Бөлтүрүк «таза иштеп атам» деп, бизди ынандырып келген. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды» деген.