Биз бул ирет аянычтуу тагдырды башынан өткөрүп жаткан өспүрүм бала менен анын ооруга чалдыккан апасынын жашоосун баяндайбыз. Шайгүл Исаева 48 жашта. Ал бул видеодо жатынын алдырган соң бир бутунун салмагы 20 килограммга чейин жетип калганын, мындан улам анын шишиген бутуна ылайык келген кийим табуу оор экенин айтат. Аны 12 жашар баласы багат.
«Бутум абдан оор. 20 килограммдай болот го дейм. Кичине суук тийгизип алганда, ысып-күйөт. Андай күндөрү уулумду ойготуп албайын деп, чыдап жатканга туура келет. Кийим кийгенде да, тандап, узунун кийем. Бут кийимден да абдан кыйналам», — дейт аял.
Анын айтымында, ал ооруга чалдыккан соң, жолдошу ичкиликке берилип кеткен. «Операция жасатканда жалгыз уюбуз бар болчу. Ошону сатканбыз. Жолдошум операцияда деле каралашып жүрдү. Туугандарым деле колунан келген жардамын аяшкан жок. Кийинчерээк жолдошум ичкиликке берилип кетти. «Тойдум» деди. Мен деле тажатып жибердим окшойт. Үйдөн кууп, балаң экөөң жоголгула деди. Ошол менен Бишкекке келдим. Уулум 7-класста окуйт. Пенсия алам, ал дарыга, азык-түлүккө эле жетет», — дейт ал.